Кызматтар
ЖАК “Ист Вест Финанс” аманатчыларга баалуу кагаздар боюнча эл аралык деңгээлдеги депозитардык кызматтарын ( чет өлкөлүктөр катышуусунда, SWIFT тармагын колдонуу менен), Кыргызстандагы чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарына, ошондой эле чет өлкөдөгү кыргыз эмитентеринин баалуу кагаздарына ишенимдүү эсепке алуу жана баалуу кагаздарды Кыргызстан аймагынан тышкары документталдуу эмес түрдө жайгаштыруу мумкунчулугун сунуштайт.
ЖАК “Ист Вест Финанс” юридикалык жактар, резиденттер жана резидент эместер кардар боло алышат.
Негизги кызматтардын тизмеси:
Баалуу кагаздарды сактоо жана эсепке алуу
ЖАК “Ист Вест Финанс”-көз карандысыз ишенимдүү депозитарий, бул баалуу кагаздарды эсепке алуу,сактоо жана аманатчылардын салынган активдерин баалуу кагаздарга укуктуу өтүшүн камыздоо кызматтарын ыңгайлуу жана сапаттуу көрсөтөт. Ошондой эле балуу кагаздар менен эсептешүүлөрдүн баардык түрлөрүн, күрөө операцияларын, корпоративдик иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.
- Баалуу кагаздардын баардык түрлөрүн эсепке алуу жана сактоо, анын ичинде акциялар, облигациялар, инвестициялык бирдиктер ,эр аралык финансылык инструменттер
- Баалуу кагаздардын менчик укугун тастыктоо
- Баалуу кагаздарга укутарды өкөрүп берүүнү эсепке алуу жана күбөлөндүрүү,милденттемелери бар баалуу кагаздарга чектөө келтирүү
- Инвестициялык фонддордун реестиринде же жогорку депозитарийде,номиналдуу баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрине кардарлардын баалуу кагаздарынын номиналдык кармоочусу катары каттоо
- Депозитарий учун номиналдык кармоочунун эсептери ачылган сактоо жерлери менен баалуу кагаздардын калдыктарын кунумдук салыштыруу
- Баалуу кагаздардын сертификаттарынын жана депозитардык эсепке алынган документтерди туура сакталышынын камсыз кылуу
2. Депозитардык операцияларды жүргүзүү
ЖАК “Ист Вест Финанс” – көз карандысыз ишенимдуу депозитарий, бул баалуу кагаздарды эсепке алуу жана сактоо боюнча сапаттуу,ыңгайлуу кызматтарды көрсөтөт, баардык депозитардык операциялардын эффективдүүлүгүн камсыз кылат.
- Сактоо эсептерин ачуу жана жүргүзүү
- Эсеп оператору аркылуу сактоо эсептерин башкаруу
- Биржада соода жүргүзуүнүн жыйынтыгы боюнча баалуу кагаздар менен эсептешүүлөр
- Операциялар учурунда белгилүү шарттарды көзөмөлдөө менен баалуу кагаздарга менчик укугун кайра каттоо
- Баалуу кагаздарга менчик укугун кайра каттоо, анын ичинде операциялар учурунда белгилүү шарттарды көзөмөлдөө менен
- Чектөө жана милденттенмелери бар баалуу кагаздардын жугун жоюу
Чет элдик баалуу кагаздарды тейлөө
ЖАК “Ист Вест Финанс” – жааматтык инвестициялык рыноктун алдыңкы инфраструктуралык институту. ЖАК “Ист Вест Финанс” кардарлардын талабы боюнча кардар кызыктарган чет өлкөлүк катышуучулардан баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн баардык зарыл болгон инфрастуруктураны курууга даяр. Ошол эле учурда, ЖАК “Ист Вест Финанс” чет өлкөлүк финансылык инструменттер менен операцияларды жүргузүү мүмкүнчүлүгүнө, ошол менен катар өлкөнүн мыйзамдарын анализдөөгө алдын ала талдоо жургузө алат.
Чет элдик баалуу кагаздарды тейлөө боюнча депозитардык кызматтар.
- Сактоо жана эсепке алуу
- аалуу кагаздар катары чет өлкөлүк финансылык инструменттерди квалификациялоого жардам берүү
- Копроративдик иш-аракеттер
- Баалуу кагаздарга болгон укуктарды жугуртуу жана эсепке алуу боюнча консультациялык колдоо
- Баалуу кагаздар эсебинен жүргүзүү жана баалуу кагаздар боюнча укутарды жүзөгө ашырууга көмөктөшүү менен байланышкан башка кызматтарды көрсөтүү
- Эр аралык баалуу кагаздар рыногуна кирүүнү камсыздоо
- Ар кандай юрисдикцияларда чет өлкөлүк баалуу кагаздарды алууга жардам берүү
Баалуу кагаздарды сатып алуунун жана сактоонун артыкчылыктары.
- Баалуу кагаздарды депозитарийде сактоонун купуялуулугу
- Бухгалтердик мекемелерде эсептерди өзалдынча ачуунун жана кызыккан өлкөлөрдүн эсеп системасынын өзгөчөлүктөрүн изилдөөнүн кереги жок
- Баалуу кагаздардын баардык портфелин (кыргыз жана чет өлкөлүк) бир депозитарийде сактоо мумкунчулугу
- Оптималдуу тарифтик сунуш
Эмитенттер үчүн кызматтар
- Эмитенттердин баалуу кагаздарына эсептерди ачуу жана жүргүзүү
- Эмитентке өзүнүн эмиссиясынын сатып алынган иммобилизацияланган баалуу кагаздарын эсепке алуу үчүн баалуу кагаздарга эсеп ачуу жа жүргүзүү
- Баалуу кагаздардын эсебин ачуу жана түзүү стадиясында эмитеттер үчүн бухгалтериялык операцияларды жүргүзүү
- Эмитеттин өзүнүн баалуу кагаздарын сатып алуу операцияларын чагылдыруу
- Эмитент тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар боюнча кирешени эсептөө жана төлөө
- Сатып-алууну уюштуруучусунда баалуу кагаздардын биржалык жайгашуусун тейлөө
Копоративдик иш-аракеттерди алып баруу
Корпоративдик иш-аракеттерди алып бааруу кызматын жузөөгө ашырууда эмитенттердин укуктарын ишке ашыруу мумкүнчүлүгү үчүн корпоративдик иш-аракеттер жөнүндө баардык керектүү маалыматтарды берүү, ошондой эле электрондук добуш беруу системасында колдонулган баалуу кагаздарды кармоочулардын жолугушууларындагы кызыкчылыктарды көрсөтүүнү камтыйт.
- Эмитенттердин корпоративдик аракеттери жөнүндө аманатчыларга маалымат берүү
- Эмитенттердин жалпы чогулушундагы чогулуш учун материалдар жана жалпы чогулушта кабыл алынган чечимдер менен камсыз кылуу
- Баалуу кагаздар боюнча кирешени төлөөнүн өлчөмү жана убактысы
- Баалуу кагаздарды конвертациялоо, анын ичинде консолидациялоо жана бөлүү,баалуу кагаздарды алмаштыруу жана сатып алуу,кошумча баалуу кагаздарды эсептөө жана жаңы эмиссиянын баалуу кагаздарына жазылуу, баалуу кагаздарды жабуу жана жокко чыгаруу
- Эмитенттерди кайра уюштуруу жана жоюу
- Аманатчыларга эмитенттер жана тейленген баалуу кагаздар,анын ичинде чет өлкөлүк баалуу кагаздар жөнүңдө маалымат берүү
- Аманатчылар тапшырмасы боюнча баалуу кагаздарды сактоочу жогорку жерлерге суроо-талаптарды жиберүү, добуш берүүчү акциялардын керектуу пайызынын ээсинин, реестрден алар ээлик кылган баалуу кагаздардын ээсинин толук аталыштары(аттары), алардын баалуу кагаздарынын саны, категориясы (түрү) жана номиналдык наркы жөнүндө маалыматтарды алуу
- Эмитенттердин милдеттуу корпоративдик иш-аракеттерин өткөрүү: консолидация, эмиссиялык баалуу кагаздардын консолидациясы, айландыруу, баалуу кагаздарды жабуу(жокко чыгаруу) жана бөлүү
- Аманатчыларды акционерлердин реестирдеги баалуу кагаздар менен болгон консультациядагы келишимдерди каттоо, каттоочулар жөнүндө маалыматтар боюнча камсыз кылуу
Маалымат кызматы
Кардарларды бир кун ичинде жасалган операциялар боюнча маалыматтар жана отчеттор, аманатчылардын эсебинин абалы боюнча көчүрмөлөр, жогорку сактоо жерлерге суроо-талаптарды жиберүү, ошондой эле корпоративдик иш-аракеттерди алып баруудагы маалыматтар боюнча камсыз кылуу.
- Сактоо эсеби боюнча операциялардын кыскача отчету , мында бир кун ичинде операциялар жургүзүлгөн баалуу кагаздардын ар бир эмиссиясы боюнча чыккан калдыктары менен камсыз кылуу
- Сактоо эсебиндеги операциялар боюнча отчетторду тез арада берүү, аманатчылардын талабы боюнча сактоо эсебинин абалы боюнча көчүрмөлөр
- Отчетту алуу учун аманатчылардын тапшырмасы боюнча баалуу кагаздарды сактоочу жогорку жерлерге суроо-талаптарды жөнөтүү
- Корпоративдик иш-аракеттерди маалыматтык алып баруу
Дуйнөлүк денгелдээ сактоо
Дуйнөлук деңгээлде сактоо ЖАК “Ист Вест Финанс” – бул баалуу кагаздарды борборлоштурулган депозитарий ЖАК “Ист Вест Финанс” сактоо. Ишканалар үчүн баалуулуктарды сактоонун мындай ыкмасы ар кандай каттоочуларда активдерди дифференциалдуу сактоого жагымдуу альтернатива болуп саналат.
Бардык активдерди сактоо үчүн бир көз карандысыз ишенимдүү депозитарийге өткөрүп берүү бирдиктүү башкаруучулук, отчеттуулукту колдонуу менен баалуу кагаздардын бүтүндөй тармагы боюнча маалыматтын купуялуулугун жана структурасын камсыз кылат, ошондой эле депозитарийдин ставкасына ылайык бир депозитарийдин ичинде баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдүн чыгымдарын бир кыйла азайтат.